• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчысы «Мегаком» сатылат жана ага кызматынан кетүүгө туура келбейт деп ишеним кылат

Коом 0


Бишкек, 7-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. "Мен жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун бардык кызматкерлери аукцион ачык жана таза өтүшү үчүн мыйзамда каралган бардык чаралар сакталат деп ишенебиз”, - деп билдирди ММБФ төрагасы Болсунбек Казаков.

“Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандагы бардык элчиликтерге чакыруу жөнөттүк. Аукционго катышууга бардык компанияларды чакырууга ниеттенип жатабыз”, - деди Болсунбек Казаков.

Ошондой эле, эгер “Мегаком” компаниясы сатылбаса, ММБФ төрагасы кызматынан кетүүгө даярсызбы деген суроого, Болсунбек Казаков, Фонддун башчысы саясий кызмат жана чечимди премьер-министр кабыл алат", - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий