• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Караван" соода борборуна байланыштуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Караван" соода борборуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук сотунун 2021-жылдын 17-сентябрындагы аныктамасы менен Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун мүлктү конфискациялоо тууралуу 2013-жылдын 29-июлундагы өкүмүнүн аткарылышын жокко чыгаруу жөнүндө арызы толугу менен канааттандырылды.

Натыйжада Биринчи май райондук сотунун аткаруучулар кызматы бөлүмүнөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аткаруу документин аткаруу боюнча сунушу келип түшкөн. Анда "Караван" соода борборун 10 жумуш күнү ичинде “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын менчигине кайтарып берүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Ошентип, Н. Түлеевдин менчигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусунда болуп келген соода борбордун жертөлөсүнүн бир бөлүгү жана соода борбордун 1-кабатынын бир бөлүгү кайтарылды.

Аны менен бирге, Түлеев ыктыярдуу негизде “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК балансына Бишкек шаарынан 11 турак батирин өткөрүп берди жана алар “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында өлкөнүн муктаж жарандарына берилет.

Бул чечим өлкөдө турак жай фондунун тартыштыгы байкалып жатканын эске алуу менен, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий