• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жаңы сайт иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов алардын жаңы иштелип чыккан www.fgi.gov.kg сайты тууралуу айтып берди.

“Биз жаңы сайт иштеп чыктык. Ал сайт тууралуу айтып берсем. Биздин сайт 5 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктү ачсаңыз, ал жактан улутташтырылган жана конфискацияланган объекттер боюнча маалыматтарды көрө аласыз: 47 улутташтырылган жана 125 конфискацияланган объект бар. Экинчиси − ижара бөлүмү. Биз бардык шаарлар, облустар кирген реестрди иштеп чыктык. Ал жерде 2012-жылдан 2020-жылга чейинки маалыматтар бар. Анда кайсы бир объектти ким, качан, канча мөөнөткө ижарага алганы тууралуу маалыматты көрүүгө болот. Сайтта электрондук соода аянтчасы деген бөлүм бар. Ал жерде объекттер жана мүлктөр ижарага коюлган. Ага сиздер да кирип катышсаңыздар болот. Ал онлайн түрүндө өтөт. Мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор тууралуу айта кетсем. Бизде 52 акционердик коом жана 105 мамлекеттик ишкана бар. Сайтта алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар бар”, - деди ал.

Анын айтымында, учурда өлкөдө мамлекеттик мүлк боюнча инвентаризация иштери аяктады. Алар боюнча маалымат да сайтта жайгаштырылган.

“Кайсы мамлекеттик органда канча имарат, канча унаа бар экенин сайттан көрүүгө болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий