• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын трансформациялоо – “Улуттук башкаруучу компания” ААК түзүү

Экономика 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндөгү Мамлекеттик мүлктү башкаруунун колдонуудагы системасы - мамлекеттик активдерди пайдалануудан түшкөн кирешелерди максимизациялоого жана мамлекеттик компанияларды тармактык жөнгө салуу боюнча функцияларга кызыкдар болгон, төмөн натыйжа менен жана менчик ээси катары мамлекеттин функцияларынын ортосундагы ички карама-каршылыктардын болушу менен мүнөздөлөт. Башкаруу субъекттеринин иш-аракеттеринин макулдашылбагандыгы, мамлекеттик компаниялардын жетекчилери үчүн стратегиялык пландаштыруунун жана таасирдүү көзөмөлдүн жоктугу ошондой эле, көптөгөн жылдар бою топтолгон башка проблемалар, анын ичинде кадр саясатындагы кемчиликтер экономиканын негизги чөйрөлөрүндө мамлекеттин активдерин сарамжалдуу эмес пайдалануунун себептери болуп калды.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо боюнча төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:

- ата мекендик экономиканын ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш болгон Улуттук башкаруучу компанияларды түзүү;

- мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкаруунун заманбап системасын киргизүү жана алардын капиталын динамикалык өстүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- бул тармактагы мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык, мамлекеттик компаниялар ички контролдук системасын өнүктүрүү үчүн негиз түзүү;

- тармактык мамлекеттик органдарга мамлекеттик компанияларда зарыл болгон тармактык саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү так механизмдерди орнотуу.

Ушуга байланыштуу, Өкмөт тарабынан жогоруда аталган чараларды ишке ашырууга багытталган “Кыргыз Республикасындагы Улуттук башкаруу компаниялары жөнүндө” Мыйзам долбоору демилгеленген.

Белгилей кетчү нерсе, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен улуттук башкаруу компаниясына тиешелүү талдоо жүргүзүүнүн негизинде мамлекеттик үлүш менен катышкан бир катар чарбакер коомдорду (зарыл болгон учурда бир катар мамлекеттик ишканалардын мүлкүн же аларды акциялаштыруу) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Аталган демилгени иш жүзүндө ишке ашыруу мамлекеттин катышуусу менен чарбакер субъекттерди башкаруу боюнча милдеттердин жана иштердин көлөмүн кыскартууга жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү министрликке караштуу Департаментке же кызматка кайра уюштурууга мүмкүндүк берет, ал ижарага берүү, мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин киргизүү, аларды эсепке алуу жана инвентаризациялоо, ошондой эле менчиктештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий