• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2018-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан 3,7 млрд млн сом түшкөн – өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан 3 млрд 758,3 млн сом түшкөн, бул 2017-жылга салыштырганда 1 млрд 40,8 млн сомго көп. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт экономиканын ар түрдүү секторлорундагы 52 акционердик коомдо акционер жана жоопкерчилиги чектелген 17 коомдо катышуучусу.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун ачык-айкындыгын арттыруу жана таза атаандаштыкты камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруу системасында электрондук соода аянты аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун ийгиликтүү ишке киргизди.

2018-жылдын 10-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү etp.okmot.kg порталы аркылуу мамлекеттик менчикти ижарага берүү келишимдерин түзүү укугуна электрондук аукциондорду өткөрүүгө киришти. 2018-жылы электрондук соода аянты аркылуу 90 аукцион өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү толук масштабдуу инвентаризациялоону жана эсепке алууну уюштуруу боюнча ишти активдүү жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы мамлекеттик активдерди башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүн структуралык реформалоону илгерилетүүгө, мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордо жана мамлекеттик ишканаларда корпоративдик башкаруу принциптерин жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) андан ары киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун автоматташтырууга багытталды.

Пикир

Оставить комментарий