• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясы сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министри Артем Новиков иштеп жаткан «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзам 2011-жылы кабыл алынганын, бирок ал дээрлик иштебей калганын, азыркы шартта мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгиледи. «Мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттери төмөн натыйжа берип, ал компанияларда жогорку адистиктеги менеджменттин жок болуп жаткан шартта аны жаӊыртуу зарылдыгы пайда болууда. Ошондон улам мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору иштелип чыкты», - деди ал.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ыкмаларын кеңейтүү, ошону менен бирге мүлктү башкаруу субъектеринин өз ара аракеттенүү жоопкерчилиги күчөтүү чаралары камтылганы белгилүү болду. Тагыраак айтканда, мамлекеттик компаниялардын акциялары менен үлүштөрүнөн тышкары, мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканалар менен мамлекеттин карамагындагы кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкарууга берилчү мүлк катары аныктоо сунушталууда.

Жалпысынан алганда, бул мыйзам долбоорунун башкы максаты мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен бирге, киреше алуу, мамлекеттин экономикасына чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу ишин жакшыртуу, инвентаризацлоо жумуштарын тездетип, алардын балансалык жана рыноктук наркын аныктоо, жалаӊ режимдүү объектилерде иштеген «Нарынгидрокурулуш» сындуу атайлаштырылган компаниялардын чыгымдары менен салыктарын, алардын туумдарын жеӊилдетүү чараларын караштыруу зарылдыгы белгиленди.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен бирге, аны андан ары өркүндөтүү жаатында ой-пикирлер айтылып, бир катар алгылыктуу сунуштамалар берилди.

Ошондой эле, жогоруда каралган мыйзам долбоору менен ьип пакеттте каралган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоору да экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий