• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү ижара акысынан убактылуу бошотуу боюнча өкмөттүн чечими чыкты — Исакулов

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү ижара акысынан убактылуу бошотуу боюнча өкмөттүн тиешелүү чечими чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлмүлктүн ижарага акысынан бошотуу боюнча өкмөткө көптөгөн кайрылуулар келип түштү. "Буга байланыштуу өкмөт тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынды. Ошондой эле кийинки бир айдын ичинде ишин жандандыруу үчүн ижара акысы төлөнбөйт", - дейт Исакулов.

Ал кошумчалагандай, иштебей турган мезгилде баланс кармоочу менен ижарага алуучунун ортосунда акт түзүлүп, ижара акысы алынбайт.

Пикир

Оставить комментарий