• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү документке кол койду.

Мамлекеттик мүлктү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча ижарага берүү тартибин жана шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

  • төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары − МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүү ушул Жобонун 41 -главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Ушул Жобонун
41-главасынын ченемдери менен анын башка ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда, 41-главанын жоболору колдонулат.”;

  • 111 -пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

18-пунктунун 8-абзацы “жеке өнөктөшкө” деген сөздөрдөн кийин “жана/же долбоордук компанияга” деген сөздөр менен толукталсын;

  • төмөнкүдөй мазмундагы “41”-глава менен толукталсын:

“41. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби.

1) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөш же МЖӨ долбоорун ишке ашыруу негизги иши болуп саналган долбоордук компания (мындан ары – долбоордук компания) мамлекеттик мүлктү ижарага алуучу боло алат.

Жеке өнөктөш МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндө ижара келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин мамлекеттик өнөктөштүн алдын ала макулдугу менен долбоордук компанияга өткөрүп берүүгө укуктуу.

2) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлк мүлктүн аянтына карабастан тоорук өткөрбөстөн жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга ижарага берилет.

3) МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө тараптар өз алдынча иштеп чыккан шарттарда ижара келишимин түзүүгө укуктуу, мамлекеттик мүлктүн ижара келишиминин типтүү формасын сактоо талап кылынбайт.

4) Мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга ижарага берүүнү караган МЖӨ жөнүндө макулдашууда ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөндөн айырмаланган, бирок, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган ижара мөөнөтү белгилениши мүмкүн.

5) МЖӨ жөнүндө макулдашууда жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик мүлктү колдонуу үчүн ижара акынын жеңилдетилген өлчөмүн белгилөө жөнүндө шарт каралышы мүмкүн.

Шарттарынын бири мамлекеттик мүлктү ижарага жеңилдетилген негизде берүү болуп саналган ижара келишиминде ижара акынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Ижара акынын жеңилдетилген өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык мүлк салыгынын суммасынан жана ижарага берилүүчү мүлккө карата төлөнүүчү жер салыгынын суммасынан аз эмес өлчөмдө белгиленет.

6) МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишими боюнча ижара акынын өлчөмүн өзгөртүү ижара келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт. Ижара акынын өлчөмүн өзгөртүү тартиби жана шарттары ижара келишими жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.

7) МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишими өзүнүн аракетин МЖӨ жөнүндө тиешелүү макулдашуу токтотулган учурда, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана ижара келишиминде каралган учурларда токтотот.

8) МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуунун негиздери, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талаптарын эске алуу менен ижара келишими жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.

Мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн ушул Жобонун 57-58-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер, эгерде мындай негиздер ижара келишиминде түздөн-түз каралган болсо, МЖӨ жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн ижара келишимине колдонулат.

9) Мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга ижарага берүүнү караган МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш мамлекеттик мүлктү МЖӨ долбоору боюнча ижарага берүү мүмкүндүгүнө карата ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

Ыйгарым укуктуу орган МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөктөштүн расмий каты келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилген материалдарды карап чыгат жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

  • МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту макулдашат жана мамлекеттик өнөктөшкө макулдашуу жөнүндө расмий катты жиберет; же
  • мамлекеттик өнөктөшкө МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушка каршы пикирин жиберет.

Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик өнөктөшкө аргументтелген каршы пикирин жиберет, эгерде:

- МЖӨ долбоорунун шарттары биринчи кезекте уставдык капиталында мамлекет же муниципалдык түзүлүш элүү пайыздан ашык үлүшкө (акцияларга) ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык уюмду же чарбалык коомду жайгаштыруу пландалып жаткан мамлекеттик имаратты же жайларды жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга ижарага берүүнү караса;

- МЖӨ долбоорунун шарттары мамлекеттик эмес уюмдарга убактылуу колдонууга берүүгө мыйзам менен тыюу салынган мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга ижарага берүүнү караса;

- МЖӨ долбоорунун шарттары мамлекеттик мүлктүн максаттуу багытын өзгөртүүнү караса, муну менен мындай объекттин профилин өзгөртүүгө чектөөлөр мыйзам менен белгиленсе;

- МЖӨ долбоорунун шарттары ага карата мүлккө камак салуу жөнүндө күчүнө кирген соттун чечими же ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугуна катталган башка чектөөсү бар мамлекеттик мүлктү жеке өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга берүүнү караса.”;

- 68-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий