• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иса Өмүркулов юстиция министрин уяткарды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы мамлекеттик документтерди коргоо чараларын жакшыртууга багытталган «Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, азыркы учурда мамлекеттик маанидеги документтерди коргоо көйгөйү жаралууда. Мамлекеттик органдар, жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан социалдык туруксуздукка алып келген жасалма документтердин чыгарылышы сыяктуу терс маселелер байма-бай көтөрүлүп келет. Ошондон улам, кайсы бир документти мамлекеттик маанидеги документтердин катарына киргизүү кандай жол менен жүргүзүлүшү керектиги тууралуу маселе жаралат.

Мамлекеттик маанидеги документтерди так аныктоо – мамлекет жана жарандар үчүн өтө маанилүү. Мыйзам долбоорунда документтерди аныктоо, аларды даярдоо тартибин, коргоо элементтери камтылган техникалык талаптарды, анын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана аларды жүгүртүү ишин көзөмөлдөө тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды Өкмөткө берүүнү сунуштаган жоболор камтылууда.

Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов мыйзам долбоору өтө сабатсыз жазылганын, анын жоболору так жазылышы керектигин белгилеп, парламенттин кароосуна ушундай мыйзам долбоорун сунуштаганы үчүн юстиция министри Уран Ахметовду уяткарды. “Мындай мыйзам болбойт. Азыртан оӊдош керек. Кийин, ченемдик укук актыларын чыгарып жатканда, эмнеге таянасыӊар?”, - деген собол салды.

Эске салсак, ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы Өкмөткө Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган мамлекеттик ишкананы түзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий