• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду калктын аярлуу катмарына 5 миң тонна ун берет

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн таршырмасына ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Дал ушул көлөмдөгү ун Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнө, Бишкек жана Ош мэриясына бөлүнүп берилет.

2-апрелге карата биринчи сорттогу 1 миң 161,69 тонна ун таратылды:

Анын ичинен;

- Бишкек шаары - 287,1 тонна;
- Ош шаары – 25 тонна;
- Жалал-Абад облусу - 415,64 тонна;
- Ысык-Көл облусу - 90,6 тонна;
- Нарын облусу – 15 тонна;
- Ош облусу - 280 тонна;
- Чүй облусу - 48,35 тонна.

Баткен жана Талас облустарына ун бөлүнгөн, бирок бериле элек.

Пикир

Оставить комментарий