• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Нарын облусуна 281 тонна ун бөлүнгөн

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Нарын облусуна 281 тонна же 5622 кап ун бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан ундар ташылып келинип, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам катары таратылууда.

Мындан сырткары ар бир айыл өкмөтүндө атайын комиссиялар түзүлүп, азык-түлүгү азайып бараткан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдү каттоого алууда. Өзгөчө күнүмдүк жумуштар менен каражат таап, карантинге байланыштуу ишсиз калган жарандарга көңүл бурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий