• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Баткен облусуна 585,5 тонна ун бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ундун 104 миң 400 кг Лейлек районуна жеткирилип, 2 миң 88 үй-бүлөгө, 12 тонна 800 кг Сүлүктү шаарындагы 256 үй-бүлөгө таратылды.

"13-апрелде Баткен району жана Баткен шаарына 220 тонна ундун келиши күтүлүүдө. Андан кийинки этапта Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарына алып келүү пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүрүүсүн атайын комиссия көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий