• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып, “Бүгүнкү күнгө карата дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекердин кору тиешелүү деңгээлде жыйналып, өлкөнүн социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишээрлик”, - деп билдирди.

2022-жылы 354,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3% түздү.

Ал эми 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 156,2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,2%га өстү.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.

Пикир

Оставить комментарий