• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыштык аймактардын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.

Жободо электрондук аукцион тартибинде объекттердин жеңилдитилген тибин белгилөө үчүн мамлекеттик жер пайдаланучулардын жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:

- «Жерлерди пайдалануу (иштетүү) укугун (өзгөртүүгө уруксат берүү) берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана козгоо тартиби жөнүндө» 1998-жылдын 27-январындагы № 55 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын жер фондунун категорияларынын жер тилкелерин кадастрлык баалоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө» 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 660 токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий