• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик миграция кызматы өлкөдөгү чет элдиктердин дарегин аныктайт

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматы октябрь айынан тартып Кыргызстандагы чет элдик жарандардын жашаган жерин аныктаган маалыматка ээ болот. Бул тууралуу маалымат жыйында ведомствонун жетекчиси Медетбек Айдаралиев билдирди.

“Май айынан тартып Кыргызстанга келген чет элдик жарандарды электрондук каттоого алуу иши активдүү жүрүп жатат. Бул системанын жардамы менен Кыргызстанда канча чет элдик жаран жашаарын жана алардын дарегинен бери биле алабыз. Мунун үстүнөн ИИМ, Бажы кызматы, УКМК, Мамлекеттик миграция кызматы иштеп жатат, ал эми жакынкы аралыкта Мамлекеттик каттоо кызматынын кошулушу күтүлүүдө”,-дейт Айдаралиев.

Анын айтымында болжолу менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тартып электрондук эсеп иштеп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий