• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик миграция кызматын министрлик кылып өзгөртүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. КРнын Мамлекеттик миграция кызматын министрлик кылып өзгөртүүнү сунушташууда. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов тарабынан айтылды.

Анын айтымында, мигранттар жыл сайын банктар аркылуу 2 миллиард доллар акча которушат. Ошондой эле Кыргызстанга жылына бир жолу келишип, каттоого алынбаган акчаларды алып келишет.

“Жыл сайын мигранттардан өлкөгө 3 миллиард доллар түшөт деп айтсак болот. Андыктан биз аларга шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Алардын маселелерин чечип берүү үчүн өзүнчө министрлик түзүү керек. Мигранттар көп болгон жерлерде Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүн ачуу керек”, - деди ал.

Андан тышкары парламентарий Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Суу чарбасы департаментин өзүнчө орган кылып түзүүнү сунуштады.

“Бизден суу алган коңшу өлкөлөр ал үчүн акча төлөшү керек. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар өзү төлөп жатат, башка өлкөлөр төлөгөн жок”, - деп белгиледи депутат.

Пикир

Оставить комментарий