• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик ооруканалардын аймагынын бир бөлүгүн жеке компанияларга берүү сунушталып жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Кыргызстандагы жеке медицина жөнүндө мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу жүрүп, ага ылайык мамлекеттик ооруканалардын аймагынын бир бөлүгүн жеке компанияларга берүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеке медициналык компанияларга бейтапканалардын аймагынын бир бөлүгүн берүү аркылуу мамлекеттик жана жеке медицинанын ортосундагы кызматташуу мамлекеттик бейтапканалардын аянтын жана кымбат жабдыктарды пайдалануунун натыйжалуулугун арттырууга жардам берет.

Ал медициналык кызматтын баасынын өсүшүн кармап, сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүү болушуна мүмкүндүк бериши ыктымал.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары А.Токторов, А.Самигуллина, Б.Сулейманов, Б.Турусбеков, Садык Шер Нияз, К.Жумалиев, Т.Жоробеков, Ж.Акаев, А.Мамашева, А.Батырбеков.

Пикир

Оставить комментарий