• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди – өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди; 1,5 миң штаттык бирдик оптималдаштырылды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анда аткаруу бийлигинин органдарынын штаттык структурасы каралган.

"Өкмөткө жүктөлүп калган, ведомстволордун өзү гана аткара турган функциялар өздөрүнө кайтарылып берилди. Бул иштер – мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүп, чечимдерди кабыл алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүп, ишти тездетүүдө; ошондой эле 85,3 млн сом үнөмдөлдү. Булар менен бирге элибизге көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз кызматтардын санын көбөйтүү, аларды электронных форматка өткөрүү иштери активдүү жүрдү. Мисалы, 14 муниципалдык кызмат элге акысыз көрсөтүлө баштады", – деди Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында административдик-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн "жол картасы" бекитилди.

Биринчи этапта стратегиялык документтерге талдоо жүргүзүлөт, 2-этапта ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгат, 3-этапта административдик-территориалдык реформанын модели ишке ашырылмакчы.

Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт тарабынан акимдерге ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча натыйжалуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлору демилгеленген.

Пикир

Оставить комментарий