• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маморгандардагы бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду — тизме

Президент 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Жарлыкка ылайык, президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду.

Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет:

— Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.

— Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)

— Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий