• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик органдардын 15 коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жарыяланат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдиргендей, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрлик жана административдик ведомстволордун ишине байланыштуу тармактардын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жаңы/учурдагы коомдук кеңештеринин курамына шайлоо үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт:

2018-жылдын 15-январына дейре (кошо эсептегенде):

- Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу)

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу)

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин КК (аялдардын талапкерлиги кабыл алынат)

- КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду (аялдардын талапкерлиги кабыл алынат)

2018-жылдын 31-январына чейин (кошо эсептегенде):

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин КК

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин КК;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекетик агенттигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун КК

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз карашы, идеялары же сунуштары болушу;

6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.

Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек (басылып чыккан форматында жана КР мамлекеттик, же расмий тилинде жөнөтүү сунушталат):

1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы, же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен негизделген Комиссияга даректелген каты;

2) Сынакка документтерди бергенге чейинки 6 айдан берки фотосүрөтү менен өмүр баяны (резюме), талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтар, туулган күнү жана туулган жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облус), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номурлары, электрондук почта) көрсөтүлөт;

3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусундагы жеке көрө билүү сыпаттамасы сүрөттөлөт;

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

1) почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнө” деген жазуусу менен),

же болбосо, osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу:

2) конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңештер сынагына» деген жазуусу менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Маалымат телефону: (0312) 960345.

Пикир

Оставить комментарий