• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик органдарга автоунааларды, эмеректерди сатып алуусуна 3 жылга тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи-депутат Мурадыл Мадеминовдун айтымында, тармактык комитетке бир катар депутаттардан сунуштамалар түшкөндүгүн эске алуу менен, токтом долбоору аркылуу мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автомашиналарды, уюштуруу техникаларын, эмеректерди сатып алуусуна 3 жылга чейин тыюу салуу чаралары сунушталууда.

Депутат Кубанычбек Нурматов 30 миӊден ашуун калкы бар айрым айыл өкмөттөрүндө совет мезгилинен калган эски эмеректер турганын, аларды жаӊысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты.

Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, автомашиналарды сатып алууга тыюу салып, мектептер менен ооруканалардын эмерек сатылуусуна уруксат берип, автомашиналардан үнөмдөлүп калган каражаттарды курулушу бүтөлек мектептерге жумшоо керек.

Жыйынтыгында депутаттар автомашиналар менен эмеректерди сатып алууга тыюу салып, уюштуруу техникаларын сатып алууга уруксат берүү керек деген чечмге келишти. Ошондой эле, тыюу салуу мектептер менен ооруканалардын эмерек сатып алуусуна жайылтылбайт.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар тарабынан жылыга сатып алууларга республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашуун каражат жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий