• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик резиденциядан баш тарткан Монголиянын жаңы президенти кандай жашайт?

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Монголиянын жаңы президенти Мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан Чойбалсан кышкы сарайына жайгашып, жумушка жөө барат деп жазат “ARD” порталы.

Маалым болгондой, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга шартка ылайык, Маршал падидеги резиденцияга жайгашуудан баш тарткан. Ал жерде парламенттин төрагасы Миеэгомбын Энхболда жана премьер-министр Жаргалтулгын Эрдэнэбатанын үйлөрү жайгашкан.

Баттулга №1 мектептин жанында орун алган борбордук почтанын бет маңдайындагы өтө чоң эмес Хорлоогийна Чойбалсандын кышкы сарайына жашоону чечкен.

Кышкы сарай- “Маршал харш” –“Маршалдын үйү” деп аталат.

Эки кабаттан турган өзгөчө үй Маршал Х. Чойбалсан үчүн 1947-жылы салынган. Баттулга жашап жаткан үйдө люкс тибиндеги эки бөлмө, жарым люкстуу бир бөлмө, бир конок үйү жана 50 кишиге ылайыкташкан ресторан орун алган.

Жаңы президент жумушка жөө барууну чечкен, мамлекеттик резиденция 300 метр аралыкта жайгашкан.

Маршалдын үйү мамлекеттик коопсуздук кызматынын кайтаруусуна алынган. Кышкы сарайга келген коноктор коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн өтө кылдат текшерүүсүнөн кийин гана кире алышат.

Хорлогийн Чойбалсан —1930-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Монголиянын саясий лидери болгон. Монгол эл республикасынын Маршалы. Анын тирүү кезинде жана ал көз жумгандан кийин СССРде Сталинге сыйынгандай эле, Монголияда анын атына, өзүнө сыйынуу орун алган.

Булак: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий