• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик салык кызматы Бизнес-акыйкатчы институту менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, макулдашуунун максаты – салык кызматынын ишинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга көмөктөшүү, алардын ишкердик субъекттер жана Бизнес-акыйкатчы менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу.

Ошондой эле жолугушууда тараптар МСК менен Бизнес-акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташуунун ар кандай аспекттерин жана келечегин талкуулашты.

Төрага Абдувапов Бизнес-акыйкатчы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, меморандумга кол коюу өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.

"Бүгүн биз кол койгон макулдашуу институт менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздайт деп ишенем, бул мамлекет үчүн да, ишкер субъекттери үчүн да пайдалуу болот. Биздин башкы милдеттерибиздин бири - салык мыйзамдарынын ар тараптан сакталышын камсыздоо", - деп белгиледи ведомство башчысы.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит салык кызматынын ишкердикти колдоо боюнча жасап жаткан аракеттерин жогору баалады.

"Меморандум – бул салык кызматы менен Бизнес-акыйкатчы институтунун ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуунун алгачкы кадамы. Институттун ролу – бизнес субъекттери салыктарды үзгүлтүксүз төлөп турушу үчүн сиздин миссияңызды ишке ашырууга көмөктөшүү, ошондой эле өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүүгө жардам берүү", - деди Робин Орд-Смит.

Салык кызматынын төрагасы А.Абдувапов Институт менен олуттуу жана жемиштүү кызматташууга даярдыгын тастыктоо катары Бизнес-акыйкатчыга жаңы Салык кодексинин долбооруна сунуштарды киргизүүнү сунуштады жана салык кызматы аларды колдоого жана тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий