• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик салык кызматы эки айда 26,1 млрд сом салык жыйнады

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду.

"2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).

Пикир

Оставить комментарий