• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын эки орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылдын 12-ноябрындагы буйругу менен Умтулов Нурлан Жумалиевич жана Алиев Бекболот Абдыганыевич Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын башка буйруктары менен Карагулова Айдай Нурдиновна жана Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич башка ишке которулгандыгына байланыштуу МСКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Жаңы дайындалган орун басарларды жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырып, алардын иш тажрыйбасын жана жогорку кесиптик сапаттарын белгилеп, иштеги ийгиликтерди жана белгиленген пландар менен милдеттердин ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

“Салык кызматы мындан ары да салык системасын жакшыртууга багытталган ири иш чараларды ишке ашыруусу зарыл. Алардын ичинде жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан кийин аны иш жүзүнө ашыруу, салык жол-жоболорун санариптештирүү сыяктуу бир катар иштер турат”, - деди министр.

Н.Умтулов дайындалганга чейин МСКнын борбордук аппаратынын методология башкармалыгын жетектеген. Финансы жана салык системасында 20 жылдан ашуун эмгектенген. Кызматтык карьеранын бардык тепкичтерин - катардагы адистен тартып башкы адис, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы, Салык кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысына чейин басып өткөн.

Б.Алиев КР Экономика жана финансы министринин орун басары болуп иштеген. Финансы системасында 20 жылдан ашык эмгектенип келген. Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, адис, башкы адис, бөлүм башчы, КР Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий