• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жаңы директору дайындалды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Шаикова Алина Кавылбековна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Алина Шаикованын финансылык тутумдагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп кетти.

Премьер-министр «Таза Коом» улуттук программасынын ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү менен, Өкмөттүн алдына үч негизги маселе: Бишкек жана Ош шаарларына «Акылдуу шаар» долбоорун кийрүү, фискалдык тутумду санариптештирүү жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртуу турат деп белгиледи.

Сапар Исаков Департаменттин жаңы жетекчиси өзүнө коюлган милдеттерди натыйжалуу аткараарына ишеним билдирип, Алина Шаиковага жаңы кызматындагы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий