• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мамлекеттик сатып алуулар өлкө бюджетинин болжол менен 40% түзөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Жогорку Кенештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Анткени, улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.

Мамлекеттин 50 пайыздан ашык үлүшү бар компаниялардын колу-буту байланып калганын белгилеген депутат Азамат Арапбаев аларга кандай тапшырма коюлбасын, баары бир аларды аткаруу боюнча ыкчам чечим кабыл алалбай турганын айтты. «Мыйзам долбоорун ушу бойдон кабыл алсак, түз келишим түзгөнгө чейин жараксыз тендерлердин саны кыйла арбыйт», - дейт ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору Дүйнөлүк банк менен биргелешип иштелип чыкканын, анын жүрүшүндө бир топ чалкеш жоболор оӊдолгонун билдирди. «Айрым жоболорду ошо бойдон калтырыш керек. Ар компаниянын өз жетекчиси бар, жоопкерчилик ошолорго жүктөлүшү зарыл», - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган.

Пикир

Оставить комментарий