• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик сатып алуулар порталын алдоого жасалган аракеттер тууралуу - Финансы министрлиги

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алуучу мекемелер тарабынан кетирилген бузуулар тууралуу айтып берди.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Департаменттин директору Нурида Байзакова маалымдагандай, көп учурда бузуулар жарыя берүү этабында болот.

“Биз кол жетишпегендиктен баардык жарыяларга байкоо жүргүзө албайбыз. Бизде бул багытта болгону 3 адам иштейт, ал эми бир күндө 500дөй жарыя берилет. Бирок, бузуулар ачык көрүнгөн жерлерде биз сынакты жокко чыгаруу менен алдын алууга аракет жасайбыз. Андан тышкары, сынакты кыска жол менен жүргүзгөн бузуулар да бар. Мисалы, алар сынакты түз келишим аркылуу жүргүзүп, убактысын эң минималдуу эки күнгө коюп коюшат. Мындай учурда маалымдалбаган кызмат көрсөтүүчү компаниялар документтерин даярдоого жетишпей калышат”, - дейт ал.

Андан тышкары, Байзакованын айтымында, сатып алууларда көп бузуулар билбестиктин айынан келип чыгат.

“Ошол себептен 62-66-62 номуру боюнча сурап-билүү борбору ачылган. Ал жерде адистер мамлекеттик сатып алуулар боюнча баардык маалыматты берет. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы окутуу иш-чараларын өлкөнүн баардык облустарында жүргүзгөнбүз”, - деп кошумчалады ал.

Департаменттин жетекчиси бүгүнкү күндө сотто 37 иш каралып жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий