• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тендер жүргүзүүдо даттануулар менен каршылык көрсөтүүлөрдү кароо механизмдери жакшыртылат – Финансы министрлиги

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар тутумунда даттанууларды жана каршылык көрсөтүүлөрдү кароо механизмдери жакшыртылат. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинде Бүткүл дүйнөлүк банктын, Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин, жарандык сектор жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн “Даттанууларды жана каршылык көрсөтүүлөрдү кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия” аттуу семинарда белгиленди.

Катышуучулар Даттанууларды жана каршылыктарды кароо боюнча көзкарандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн азыркы абалын талкуулашып, даттанууларды жана каршылыктарды кароо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты. Даттанууларды жана каршылыктарды кароо, анын ичинде комиссиянын курамы боюнча жаңы жобону жана комиссия мүчөлөрүн тандоо механизмдерин иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилешти.

Семинар Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Маалымкат:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 15-мартындагы №1-ДП буйругу менен Даттанууларды жана каршылыктарды кароо боюнча көзкарандысыз ведомстволор аралык комиссиянын тогуз адамдан турган курамы бекитилген. Алардын үчөөсү коомчулуктун өкүлдөрү (төрага жана анын орун басары), калгандары министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү (сертификацияланган адистер) болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий