• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы Аламүдүн прокуратурасынын көзөмөлүндө турат

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы Аламүдүн прокуратурасынын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Аламүдүн районунун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын ичинде жана 2020-жылдын жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдө иретинде жүргүзүлгөн жалпы 12 текшерүү менен 17 мыйзам бузуу аныкталган. Ошондой эле 2 талап келтирилип, келтирилген 5 мыйзам бузууларды четтетүү жана күнөөлүү кызмат адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштардын негизинде 6 райондун мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Андан тышкары, 229 миң 160 сом өлчөмүндөгү келтирилген зыян мамлекеттин пайдасыан өндүрүлгөн.

Аламүдүн районунда жайгашкан мамлекеттик органдары жана мекемелери тарабынан көбүнчө кетирилген мыйзам бузуулар болуп, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамда белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бузуу болуп келет.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин түздөн-түз келишим түзүү усулу менен сатып алуулар - сатып алуучу уюм веб-порталга же веб-порталдагы электрондук каталогго келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) ортосунда бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюлат деген талаптарын бузуп бааларга тиешелүү мониторинг жүргүзбөстөн сатып алуу жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурлар көп кездешет.

Ошондой эле сатып алуучу мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы 175 санду буйругу менен бекитилген электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун талаптары көңүлгө алынбагандыгы байкалат. Айтылган жобонун талаптарына ылайык, конкурстун жеңүүчүсү конкурстук табыштамага кирген, мурда электрондук түрдө порталда бекитилген иш кагаздарды нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сатып алуучу мекемеге берүүсү тийиш.

Ошону менен бирге Аламүдүн районунун прокуратурасы, мамлекет үчүн билип туруп пайдасыз контракт (келишим) түзүү, кызмат адамына Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 322-беренеси менен 180 миң сом айыптан баштап 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза белгиленгенин эскертет.

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы коррупцияга каршы аракеттенүү менен түздөн-түз байланышта болгондуктан Аламүдүн районунун прокуратурасынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыты болуп үзгүлтүксүз көзөмөлдө турат.

Пикир

Оставить комментарий