• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий