• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик социалдык буйрутма программасын башка шаарларда да иштетүү пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарында пилоттук режимде сыноо иретинде киргизилген мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик социалдык буйрутма программасын башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Программаны аткаруучу болуп Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.

Программанын төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар:

- калктын аярлуу катмарына багытталган;

- төлөм баланын ата-энесине социалдык талонду берүү аркылуу жеке бала бакчага баруудагы акынын 50% кем болбошу керек;

- жеке секторду кызматташууга тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;

-мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик каражатты үнөмдөө.

Баа саясатын аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөнү белгиленет. Социалдык тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрдү тандоо критерийине ылайык, Бишкек шаары боюнча 2014-жылдан 2019-жылга чейин лицензия алган 73 жеке менчик бала бакча боюнча маалыматтар чогултулган.

Бишкек шаары боюнча мониторинг:

- 3 миң 500дөн 6 миң сомго чейин – 9 бакча;

- 6 миңден 8 миң сомго чейин – 22 бала бакча;

- 8 миңден 10 миң сомго чейин - 42 бакча.

Бул тизмеден тышкары ар бир ата-эне өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жеке бала бакчалардын документтерин кабыл алуу жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 15-майына карата жеке менчик бала бакчалардан бардыгы болуп 12 билдирме келип түшкөн. Алардын ичинен 9 бакчанын билдирмеси жайгашкан жерине барган техникалык комиссиянын чечими менен канааттандырылды.

- «Капелька счастья», Дэн Сяопин пр., 551;

- «Бекхан», Токмок көчөсү, 65;

- «Карлсон», Восточная көчөсү, 64;

- «Балдар ааламы», Л.Толстой көчөсү, 97а;

- «Герман Гмайнер окуу-тарбиялоочу SOS» мекемеси, А.Токтоналиев, көчөсү, 137а;

- «Кенгуренок» мектепке чейин билим берүү жана тарбиялоо борбору» ЖЧК, Бакаев көчөсү, 141;

- «Бала бакча-наристе «Нур Бала» ЖЧК, 7-кичи район, 23/4а;

- «Бала бакча «В гостях у Пеппи длинный чулок» мекемеси, Осипенко көчөсү, 38;

- «Слоненок» ЖЧК, Армейская көчөсү 10/3.

Бала бакчаларда 300 орун каралган.

Учурда жарандардан каалаган жеке бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, программа Бишкек шаарында пилоттук режимде сыноо иретинде киргизилген. Учурда билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан социалдык тапшырык программасын жеткиликтүү кылуу жана калкты көбүрөөк тартуу үчүн каржылоо механизмин өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлө баштады.

Мамлекет тарабынан дотациялоо өлчөмүн көтөрүү болжонууда.

Бишкек шаарында сыноо мезгили аяктагандан кийин, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий