• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик социалдык буйрутманы алкагында 56 долбоор ишке ашты

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик социалдык буйрутманы алкагында жалпысынан 38 млн.сомго 56 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бейөкмөт уюмдар үчүн КРнын “Мамлекеттик социалдык буйрутма тууралуу” Мыйзамды ишке ашыруунун бет ачаары болуп өттү.

“2019-жылга карата мамлекеттик социалдык буйрутмаларды ишке ашыруу Планына жараша коомдук пайдалуу долбоорлор боюнча сынактарга катышууга арызды 88 бейөкмөт уюм тапшырган. Сынактын жыйынтыгы менен суммасы 38 млн.сомду түзгөн 56 долбоор жактырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, аталган социалдык долбоорлор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана оор турмуштук абалга кабылган үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий