• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Соцкамсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Президент 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жумушчу-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңдөө болуп саналат.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы милдеттерин бирдей аныктоого багытталып, бул аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук берет.

Белгилей кетсек, чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу системасына толук кандуу катышуусунун эсебинен пенсиялык системанын труктуулугу күчтөндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий