• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бөбөк бала бакчага барат

Коом 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Кыргыз Өкмөтү тарабынан мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки даярдыктан өткөрүүнүн ар кыл формалары ишке киргизилүүдө. Учурда 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9%ы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында Мамлекеттик социалдык тапшырык программасы иштелип чыккан жана ал калктын социалдык жактан аяр катмарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.

Аталган Программаны ишке ашыруу Бишкек шаарында пилоттук долбоор катарында киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50% төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төлөмдүн калган 50% бөлүгүн ата-энелер төлөшөт.

Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн жана учурда аталган программага катышууга мүмкүндүгү бар жеке балдар бакчасын тандоо процедурасы ишке берилүүдө.

Кеңири маалыматты (0312)621198 телефону боюнча, же http://edu.gov.kg/ru/kindergarten/gosudarstvennyj-socialnyj-zakaz-v-sfere doshkolnogo-obrazovaniya/ шилтемесинен алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий