• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик спорт агенттигинин мектептеринде 44 миң адам машыгат

Спорт 0

Бишкек, 10.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагында баардыгы болуп республика боюнча 73 спорттук мектеп бар. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтында кабарланат.

Алар:

  • Ош облусунда – 9; бюджети – 43 млн. 956 миң сом;
  • Чүй облусунда – 11; бюджети – 49 млн. 826 миң сом;
  • Нарын облусунда – 10; бюджети – 39 млн. 669 миң сом;
  • Талас облусунда – 8; бюджети – 29 млн. 117 миң сом;
  • Жалал-Абад облусунда – 16; бюджети – 54 млн. 163 миң сом;
  • Ысык-Көл облусунда – 9; бюджети – 46 млн. 83 миң сом;
  • Баткен облусунда – 6; бюджети – 15 млн. 473 миң сом;
  • Бишкек шаарында – 4; бюджети – 115 млн. 590 миң сом.

Республика боюнча агенттиктин мектептеринде баардыгы болуп 43 миң 980 адам спорттук мектептерде машыгып келет. Бул өлкөнүн калкынын санынын 0,84% түзөт, ал эми 9дан 28 жашка чейинки жаш балдардын арасында 1 млн. 160 миң бала спорттук мектептерде окуйт.

Бишкек шаарындагы спорт мектептеринде 2 миң 321 бала машыгат.

Пикир

Оставить комментарий