• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комитеттин курамы бекиди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругу менен маданият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин курамы бекиди. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирди:

Абдыкалыков Акылбек – режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Комитеттин төрагасы.

Комитеттин мүчөлөрү:

Ажиев Садабек – скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Акматбекова Сагын – Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Асанкулова Эльвира – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Байтобетов Дүйшөн – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Бактыгулов Сталбек – композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Бейшенбаев Улан – архитектор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Дуйшалиев Камчыбек – музыка изилдөөчү, профессор;
Жакиев Бексултан – драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Жусупов Кеңеш – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Курманов Таалай – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
Мамбетакунов Молдосейит – телережиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Мусаев Манасбек – кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Осмонов Абдырай – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
Сейдакматова Жамал – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Соданбек Жали – кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Сыдыков Кубанычбек – балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Турапов Керимберди – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Укубаева Лайли – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин деканы;
Урманбетов Кыялбек – Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Усубалиев Бейшебай – адабият изилдөөчү, прозаик, филология илимдеринин доктору, профессор;
Усенбаев Мир Алымкулович – төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
Чотурова Бактыгүл – акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Шаповалов Вячеслав Иванович – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Шыгаев Юристанбек Абдиевич – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Пикир

Оставить комментарий