• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдар кайрадан ыраатташтырылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мамлекеттик сыйлыктарды кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдарды белгилөө, көрсөтүү, ыйгаруу, тапшыруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан, аны кайрадан ыраатташтыруу зарылдыгы жаралган.

Мисалы, мыйзам долбоорунда «КР Баатыры» наамы – эӊ жогорку артыкчылык даражасы, ордендер – I категориядагы, медалдар – II категориялагы, КР Ардак грамотасы III категориядагы сыйлыктар катары каралган. Андан сырткары, «Даӊк» жана «Достук» ордендерин белгилөө да сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий