• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жүнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар чөйрөсүндө укук ченемдик базаны өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгарууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий