• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статус ыйгаруу жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Улуттук” статус ыйгаруу Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги баскычтарын чагылдырган уникалдуу экспонаттардын коллекциялары коюлган маанилүү маданий объект катары музейдин маанисин билдирип турат. Музейдин милдети – элдин тарыхы жана маданияты тууралуу маалыматтын булагы болуп, жарандарда мекенчилдикти жана өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин өстүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле маанилүү туристтик объект болуп калуу.

Бул чара ошондой эле музейди башкаруу системасын оптималдаштырууга, анда иштеген кызматкерлердин санын жана каржылоону жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Жарлыктын толук тексти Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтында жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий