• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик цирктин директору дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Жаманкулов кол койгон.

Эске сала кетсек, Фархад Бекмамбетов коомдук “Айтыш” фондунун директору, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын ээлеп келген.

Андан тышкары ал 30дан ашуун кыска метраждуу кинотасмалардын, 4 анимациялык жана 5 толук метраждуу кинотасмалардын продюсери.

Эске сала кетсек, цирктин мурдагы директору 2018-жылдын 20-декабрында кызматтан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий