• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик цирктин директору Курмангазы Исанаев кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик цирктин директору Курмангазы Исанаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев Курмангазы Жусупказиевич башкы директор кызматына 2004-жылы 6-октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер- министри тарабынан дайындалган.

Ал эми өкмөттүн 2013–жылдын 3-майындагы № 236 токтому менен бекитилген жобого ылайык, маданият министри өз номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.

Пикир

Оставить комментарий