• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамлекеттик технологиялар комитетинин төрагасы жаңы киргизилип жаткан санарип системалар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев “Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында иштелип чыккан “iGov” концепциясы тууралуу айтып берди.

“Ал концепциянын максаты жарандарга сапаттуу кызматы көрсөтүү болуп эсептелет. Анын негизги үч принциби бар. Биринчиси, инновациялык өкмөт − жаңы технологияларды натыйжалуу колдонуп, сапаттуу кызматтарды көрсөтүү. Экинчи принцип, виртуалдуу кызмат көрсөтүү өкмөтү: кагазды, бюрократияны, физикалык контактты жокко чыгаруу. Дагы бир багыты коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу. Үчүнчү принцип жарандардын талаптарына жооп бере турган кызматтарды көрсөтүү. Бул багытта 26-майда Мамлектетик каттоо кызматы, тиешелүү мамлекеттик ишканалар менен биргеликте төрт санарип системасы сыноо иретинде ишке киргизилди. Биринчиси “Санарип ID” системасы. Ал электрондук кызмат алууда адамдын өздүгүн тастыктоого мүмкүндүк берген, коопсуздук талаптарына жооп бере турган мобилдик механизм. Экинчиси, “Санарип кол тамга”. Ал электрондук форматта ар кандай документтерге кол коюуга мүмкүндүк берип, булут технологиясынын негизинде жасалган. Кийинкиси, санарип кызматтарды көрсөтүү боюнча бирдиктүү мобилдик тиркеме. Учурда жарандар ал тиркемени уюлдук телефонуна жүктөп алып, мамлекеттик кызматтарды ала алышат”, - деди ал.

Анын айтымында, төртүнчү продукт эң инновациялык жана өзгөчө долбоор.

“Аны Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн демилгеси менен ишке киргизди. Ал “Менин санарип документтерим” аттуу долбоор (санарип паспорт, санарип айдоочулук күбөлүк, санарип техпаспорт жана менин маалымкаттарым). Системада жеке маалыматтарды коргоочу бардык элементтер каралган. Ал биринчи баскычта Ички иштер министрлиги менен бирге ишке ашырылат. Жарандар мобилдик система аркылуу өздүгүн тастыктай алат”, - деди Догоев.

Пикир

Оставить комментарий