• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамлекеттик тил боюнча II студенттик олимпиада өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.02.18 /Кабар/. 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО) биргеликте ЖОЖдор аралык мамлекеттик тил боюнча олимпиада уюштурду. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, олимпиаданын ачылышында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиадага катышкан Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын 1-2-курсунун студенттери (кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен башкасы) эки багыттагы сынактан өтүштү. Биринчи топтогу студенттер алдын-ала берилген темаларда даярдап келген долбоорлорун жактаса (1.Кылым карыткан кыргыз тилим.2.Мамлекеттик тил: кечээ, бүгүн, эртең.3.Адеп – тарбиянын башаты.4.Ч.Айтматов жана кыргыз тили), ал эми экинчи топтогу катышуучулар жазуу тапшырмасын аткарып, андан соң көркөм окуу боюнча таймашты.

Жазуу иши үчүн берилген 100 мүнөттүн ичинде ошол жерден анык болгон үч теманын (“Ар бир элдин тили – адамзаттын жалпы рухий кенчи” (Чыңгыз Айтматов)”, “Мамлекеттик тил – улуттар аралык ынтымактын тили” жана “Чыңгыз десе кыргыз түшөт эсиме... (Залкар жазуучу Ч.Айтматовго 90 жыл)”бирин тандап, өз ой толгоолорун кагазга түшүрдү. Жазуу ишинде жазуу чеберчилиги, теманы ача билүүсү, сабаттуулугу, тил байлыгы жана ой жүгүртүүсү бааланса, ошол эле катышуучунун көркөм окуусунда тандалган чыгарманын маани-мазмуну, аткаруу жөндөмү, даярдыгы ж.б. ар тараптан каралып баа берилди. Долбоорду коргогон студенттерди баалоодо сүйлөө речинин тактыгы, долбоордун маани-мазмуну, заманбап маселелердин камтылышы, реалдуулугу ж.б. эске алынды.

Олимпиаданын жыйынтыгында “Мыкты долбоор” номинациясы боюнча 1-орунга Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти Иманалиев Марсель татыктуу болсо, 2-орунду И.Ахунбаев атынданы КММАнын студенти Анарбек кызы Перизат, 3-орунду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери Матназаров Марлен жана Жээналиев Элдияр ээледи.

Ал эми “Мыкты дил баян жана эң жакшы көркөм окуу” номинациясы боюнча 1-орун Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жумабекова Аруукеге ыйгарылып, 2-орунга Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун атынан катышкан Ырысова Наргиза татыды, ошондой эле 3-орунду И.Ахунбаев атынданы КММАнын студенти Ыкынова Гулистан ээледи. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлык жана Улуттук комиссия тарабынан жарык көргөн баалуу китептер ыйгарылды. Мындан сырткары билими, жөндөмү менен айырмаланып, жакшы жыйынтык көрсөткөн студенттерге кызыктыруучу сыйлыктар жана бардык катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.

Катышуучулардын билим деңгээлин, жөндөмүн, дараметин, даярдыгын ар тараптан баалоо үчүн КР Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов баштаган КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн адиси С.Толукбаева, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери Р.Коңурбаева жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси З.Сапарбаева калыстар тобунун курамына киргизилген.

Эске сала кетсек, аталган олимпиада биринчи ирет 2017-жылы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети тарабынан биргеликте уюштурулуп, ага Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайдан филолог адистигинен башка багытта окуган 28 студент катышкан.

Пикир

Оставить комментарий