• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик тил боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн 4 каналдын лицензиясы алынды

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги телеканалдарга лицензиялык контролдоо жүргүздү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, лицензиалык контролдоо “Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө” жободо жана Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамында белгиленген уруксат талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жогорудагы жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактоо боюнча бузуулар аныкталган.

Ушуга байланыштуу колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде төмөнкү телерадиоканалды жайгаштыруу уруксаты токтотулду: “8 канал”, “РТВ Медиа”, “НТВ КейДжи” жана “Домашний”.

Белгилей кетсек, “РЕН ТВ” телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтотот.

Келерки жылдын январь айынан тарта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргызстандын аймагында иш алып барган бардык телерадио уюмдарында пландуу текшерүү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий