• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында бул жылы 18 аталыштагы китеп 8 409 нускада басылып чыккан.

Иш-чаранын жүрүшүндө китептер боюнча талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди.

Басылып чыккан китептердин 7 аталыштагысы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий