• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик тил күнүнө карата ЖӨБЭММАда иш-чара болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 2020-жылдын 23-сентябрынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) жыйындар залында Мамлекеттик тили күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара агенттиктин кызматкерлери тарабынан кыргыз тилине арналып даярдалган атайын программанын негизинде өтүп, Кыргыз Республикасынын гимни жана кыргыз тилинин гимни менен башталды.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев куттуктоо сөзүндө «Эне тилди барктап, баалап, кадырын арттырып, анын өзөгүнө уютулган улуттук нарк-насилди кемитип-бөксөртпөй урпактарга улантуу – ар жарандын атуулдук аруу милдети жана Кыргыз Республикасында жашап жаткан этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору экенин белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Майрам комуз күүсү менен коштолуп, мамлекеттик тилинин тарыхы жана анын өнүгүүсү тууралуу презентация тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий