• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл. Салтанаттуу иш-чарадан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчысы кыргыз тилин балдарга үйрөтүүчү китептердин, мобилдик колдонмолордун көргөзмөсүн көрүп чыгып, «Кыргызтест» системасынын иши менен таанышты.

Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков тил саясатын өркүндөтүү жаңы программасын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдарда иш кагаздардын сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу ж. б. кыргыз тилин өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча негизги багыттарды белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий