• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамга 30 жыл – маараке кандай белгиленет?

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Бул жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили тууралуу" мыйзамына 30 жыл толуп жатат. Белгилүү болгондой, мамлекеттик тил тууралуу мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева билдиргендей, мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, аны вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген.

Маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков белгилегендей, 30 жылдык мааракеге карата өлкөбүздө бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Маселен, 1-сентябрда айтыш, 23-сентябрда чоң концерт өткөрүлөт.

"Андан тышкары Маданият министрлигинин баардык өкүлчүлүгү жана китепканаларда иш-чаралар өтөт. 32 райондук гезит, облустук телеканалдар, 2 жогорку окуу жайы, 88 мектеп, 22 театр бар. Алардын баары иш-чарага катышат", - деди ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, 30 жыл аралыгында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча бир топ иштер аткарылган.

"Бүгүнкү күнү тилди үйрөтүү дүйнөлүк системага туура келет. Бала бакча, башталгыч мектептерде тил билүү деңгээлин баалоо системасы иштелип чыккан", - деди ал.

Жусупбекованын айтымында, ушул жылдан тарта кыргыз тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча дистанциондук система ишке киргизилүүдө.

Ал эми "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдиргендей, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл аралык конференция өткөрүлөт.

"Биз жыл сайын тилди үйрөтүү системасын өнүктүрүшүбүз керек. Тажрыйба алмашуу кажет. Биз россиялык, казакстандык жана голландиялык уюмдар менен иштешип жатабыз. Эми аларды өзүбүзгө чакырабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий