• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” видеоролигинин сценарийине сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кыргыз элинин улуттук дөөлөт уюган тили мамлекеттин эң негизги энбелгиси экенин, тил болсо улут, улут болсо мамлекет болорун, мекенчилдик тилди сүйүүдөн башталарын, мамлекеттик тил – этностордун башын бириктирүүчү негизги фактор экенин жалпы жарандарыбыздын, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын, жогорку окуу жайларынын студенттери менен мектеп окуучуларынын арасында жигердүү жайылтуу, жаштардын жана жалпы жарандарыбыздын мекенчилдик сезимдерин ойготуу максатында “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” видеоролигин тартуу үчүн сценарийлерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына байланыштыруу менен тилибиздин адеп, ыйман, маданиятка тарбиялоонун негизги каражаты экенин ырастаган, аны менен бирге автордун дүйнө таанымына, кыял чабытына жараша кызыктуу сценарий-сметасы менен 2017-жылдын 30-июнуна чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюштуруу тобуна жиберилүүсү керек.

Видеороликке идея (сценарий) берүүчүлөргө төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- Айтыла турган ой, сунуштажалпы жарандарыбыз тилдин кудурет-күчүнө, анын улуттук маанисине таасирленип, тил үчүн ар бири жоопкер экени сезилиши керек.

- Эл-жерге кызмат кылуунун жогорку үлгүсү бул тилдин тазалыгы үчүн күрөшүү менен мазмуну терең болушу шартка ылайык келет.

Бардык келген видеоролик идеяларынын мыкты жетөө тандалып, биринчи орунга ээ болгон сценарийдин автору 2017-жылдын эң мыкты “Үлгү тил” номинациясына ээ болот жана сыйлык берилет. Калган катышуучуларга калыстар тобунун чечими менен алган орундарына ылайык сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Видеосынактын сценарийинин жеңүүчүлөрүнүн роликтери тартылып телеканалдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу максатында сунушталат.

Сынак тууралуу толук маалыматты www.mamtil.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий